Кыргызстанда Октябрь окуяларына бир жыл болду. 2020-жылдын 4-октябрында талаштуу парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашып, өлкөнүн Баш мыйзамы онунчу ирет өзгөртүлүп, Кыргызстан президенттик башкарууга кайтты. Алдыда кайрадан парламенттик шайлоо күтүлүүдө. Кыргызстан Октябрь окуяларынан эмне сабак алды? Былтыркы шайлоодо кетирилген каталар, кемчиликтер быйыл кайрадан кайталанбайбы?